Каза болгон 2 жаштагы баланын энеси курбусунун үстүнөн арыз жазуудан баш тартты

15:10, 12 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда каза болгон 2 жаштагы баланын энеси курбусунун үстүнөн арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Чүй ОИИББдан тастыктады.

Маалыматка караганда, баланы 32 жаштагы курбусу карап жаткан. Ал ооруканага наристени эсин жоготкондон кийин алып келген.

Экспертиза дайындалып, баланын сабалып же сабалбагандыгын аныкташмакчы.

Эске салсак, аталган ооруканага денеси көк ала болгон 2 жашар наристе келип түшкөн. Кийин анын каза болгону айтылган.