Казакстанга жылкыларды алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды

14:17, 12 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

«Кордай» чек ара өткөрмө постунда Казакстанга жылкыларды алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Казакстандын чек ара кызматына шилтеме берип NUR.KZ сайты жазды.

Маалыматка караганда, 56 жаштагы жаран Mercedes-Benz-416 үлгүсүндөгү унаасына 5 жылкыны жүктөп алган.

Кармалган жарандын мал-жандыктарга тиешелүү документи болгон эмес.