Жалал-Абадда жол кырсыгына кабылган 4 жаран оор абалда ооруканага түштү

13:53, 12 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 4 жаран оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу жергиликтүү милиция билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, «Тойота Ипсум» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жол кырсыкка учураган. Унаанын ичинде 5 киши болгон, алардын төртөө ооруканага жеткирилди.

Жабыркаган жарандардын баары Сафед-Булан айылынын тургундары болгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.