Аткезчилик жол менен ташылып келген кургатылган жемиштер табылды

12:19, 12 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик бажы кызматы Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келген кургатылган жемиштерди кармады. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Он Эки-Бел айылында Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери «VolvoFH500» үлгүсүндөгү чиркегичи бар унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Анда Тажикстанда өндүрүлгөн кургатылган жемиштер табылып, алар бажы көзөмөлүнөн өтпөгөнү аныкталды.

Кургатылган жемиштердин баасы 818 550 сомду түздү.