Бишкекте ушул жылдын 10 ай аралыгында 9 миң 707 кылмыш жасалган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жумушчу жыйынында маалым болду.
Маалыматка таянсак, 10 айда 3 миң 506 киши кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Жумушчу жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы тиешелүү органдарга кичи автобустарда чөнтөкчүлөрдүн санын азайтуу үчүн, үч ай ичинде каттамга чыккан айдоочулар жана жүргүнчү ташуучу фирмалардын жетекчилери менен унаанын ичине милдеттүү түрдө камера орнотуу иштерин аткарууну тапшырды.