15:13
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкек мэриясына 8 компания автобус сатууга даяр

Бишкек мэриясына 8 компания автобус сатууга даяр. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды. Маалыматка караганда, «Русские Автобусы — Группа Газ» 60 автобусту алып келүүгө 455 миллион 682 миң 535 сомго баалады.

Liaoning Huanghai Automobile Imp — 288 миллион 340 миң 387 сом, «Пекинская компания автомобильных технологий Хэнтянь Синьнэн» — 291 миллион 274 миң 83 сом, Beiqi Foton motor — 368 миллион 807 миң 472 сомго баалашууда.

ZHENGZHOUYUTONGBUS CO автобустар үчүн бааны 301 миллион 273 миң 794 сом, «Ремонтно-механический завод РариТЭК» — 386 миллион 797 миң 348 сом, Aman Roud — 371 миллион 940 миң сом, «ДТ Техник» — 371 миллион 700 миң сом деп коюшууда.

Эске салсак, шаардык муниципалитет газ менен жүрө турган 60 автобусту 382,5 миллион сомго сатуп алууну ниет кылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума