18:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Айтматовдун 90 жылдыгы. Балдар бакчалары жазуучуну эскеришүүдө

Бишкекте мамлекеттик № 162 «Азем» бала бакчасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маааракесине арналган иш чара болуп өттү. Бул тууралуу бакчанын жамааты 24.kg агенттигине билдирди. 

Маалыматка караганда, бөбөктөр үчүн жазуучу тууралуу тасма көрсөтүлдү. Тарбиячылар менен балдар биргеликте Айтматовдун чыгармаларынан театрлаштырылган оюн-зоок тартуулашты. Ошондой эле жазуучунун чыгармаларына байланыштуу викторина жана ырлар окулду.

Аталган иш чарага Свердлов райондук билим берүү борборунун мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Эльмира Абылкасымова катышты. «Чыңгыз Айтматов жөнүндө бир эле мааракесинде эмес ар дайым окуп, биле жүрүү маанилүү», -деди ал. 

Бала бакчанын директору Кызылгүл Телтаева улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааркесине арналган үч айлыкта жамаат менен балдар жигердүү иш алып барышканын айтты. 

«Чыңгыз Айтматовду балдарга жакындан таанытып, үйрөтүүдө тарбиячылар өз иштерин мыкты аткарышты. Балдарыбыздын жашоосунда маанилүү жана келечекте кереги тие турган тарыхый инсаныбызды жакындан таанып-билүү өтө жоопкерчиликтүү иш экенин жакшы түшүнөбүз. Андыктан, колубуздан келишинче маалыматты жеткиликтүү кылып бергенге аракет жасадык. Тайпаларда жаш курактарына ылайыкталган жазуучунун тасмаларын көрсөттүк. Балдар абдан кызыгуу менен кабыл алышты. Буюруса мындай иш-чараларды ар дайым өткөрүп турабыз»-, деди бакчанын директору.

Эң көп окулган жаңылыктар