22:47
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Европа өнүктүрүү банкы таза суу менен камсыз кылууга 129 миллион доллар бөлөт

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстандын инфрастурктуралык долбоорлоруна 129 миллион доллар бөлөт. Бул боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда айтты.

Анын билдирүүсүндө, каражат Кыргызстанда ирригация тармагын өнүктүрүү жана аймактарда, шаарларда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорго жумшалат.

Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ЕРӨБгө ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕРӨБ менен болгон бардык биргелешкен долбоорлор өлкөнүн экономикасынын мындан аркы өнүгүшү, аймактарда жумуш орундарын түзүү, калктын турмушун жакшыртуу үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар