07:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Таластагы Шыралжын кенинде бир адамды таш басып каза болду

Таластын Бакай-Ата районунда жайгашкан Шыралжын кенинде иштеп жаткан 27 жаштагы жигитти таш басып калды. Бул тууралуу «Азаттыкка» маалымдайт.

Маалымат боюнча, каза болгон адам ушул эле райондун Оро айыл өкмөтүнүн тургуну болгон жана кен тармагында эки жылдан бери иштеп келаткан. Маркумдун артында үч баласы калды. Шыралжын кенинде буга чейин мындай окуя катталган эмес.

Кенди ОсОО «Глобал Шыралжын майнинг» компаниясы иштетет. Анда 300дөй адам эмгектенет.

Эң көп окулган жаңылыктар