Аба-ырайы. Эртең көл жээгинде кар жаашы күтүлөт

13:58, 11 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Эртең тоо кыркаларында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» билдирет.

Маалыматка караганда, кар Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге чейин жетет.