Жогорку Кеңештин депутаттары электр жарыгына баанын көтөрүлүшүн колдошпойт

12:16, 11 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары электр жарыгына баанын көтөрүлүшүн колдошпойт. Бул боюнча журналисттерге депутат Кожобек Рыспаев билдирди. 

Анын айтымында, эл өкүлдөрү электр жарыгына баанын көтөрүлүшүнө каршы чыгышууда. 

«Азыр электр жарыгына бааны көтөрүү үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек эмес. Бирок, депутаттар баары бир кийлигише алабыз", - деди ал. 

Ал тарифтерди көтөрүүдөн мурда калктын көпчүлүк катмары кантип жашап жатканын эске алуу керектигинин белгиледи.