Алмазбек Атамбаев: Тулеев үч саат мага арманын айтып олтурду

09:12, 11 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кайра «Апрель» телеканалына интервью берди. Ал анда Бишкек шаарынын мурдакы мэри Нариман Тулеев менен Бишкек-Москва аба каттамындагы кездешүүсүнө дагы токтотулду.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Нариман Тулеев экөөнүн селфиси боюнча туура эмес маалымат берип жатат.

«Учакка кирсем бирөө бакылдап сүйлөп жаткан экен. Артымды карасам Нариман Тулеев олтуруптур. Колум менен кел деп ышырат бердим. Келип олтурду, үч саат арманын айтып олтурду», — дейт ал.