16:58, 10 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Жер титирөө Алай районунун Кабылан-Көл айылында жана Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында 2-2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.