Өкмөт жемкорлукка каршы кеңешти жандантат

12:39, 10 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Өкмөт жемкорлукка каршы кеңешти жандантат. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, кеңешке айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана бизнес өкүлдөрү киришет.

«Башкы милдети — коррупцияга каршы күрөш боюнча бүтүн тутумду өркүндөтүү болуп саналат, мында мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун институттарынын жана бизнес коомчулуктун ортосунда активдүү диалог жүргүзүү боюнча түзүлгөн аянтча — коррупция менен күрөш күч-аракеттерин уюштуруу жана бириктирүү боюнча таасирдүү механизмдерди куруу үчүн кызмат өтөйт», — деп айтылат маалыматта.