19:54
USD 87.45
EUR 90.04
RUB 0.85

Жемкорлук менен күрөштүн эсеби дагы 9 миллион сомго толукталды

Жемкорлук менен күрөштүн эсеби дагы 9 миллион 859 миң 923 сомго толукталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кызмат жалпысынан атайын эсепке 247 миллион 760 миң 861 сом которду. 

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби быйыл июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар