Финансы министрлигин жетектөөгө Бактыгүл Жээнбаева сунушталууда

11:09, 10 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Финансы министрлигин жетектөөгө Бактыгүл Жээнбаева сунушталууда. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Алардын маалыматында, Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин бүгүн тийиштүү комитет карап чыгат.

Бактыгүл Жээнбаева учурда президенттин кеңешчиси болуп иштейт.

Эскерте кетсек, мурдакы финансы министри Адылбек Касымалиев өткөн жумада отставкага кеткен.