15:25, 07 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды. Ачылуу аземине президент Сооронбай Жээнбеков, парламент депутаттары, Россиядагы мекендештер жана Москва шаарынын мэри катышты.
Айкел Даниловский районунда Павлов жана Подольск көчөлөрүнүн кесилишине орнотулду.