Өкмөт башчысы Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарын кыдырат

14:14, 07 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарын кыдырат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-абад облусунда социалдык объектин ачылышына катышат.

Калган аймактарда өндүрүш объекттерин карап чыгат.