КСДПнын мурдакы мүчөлөрү менен Апрель баатырлары жыйында чатакташа кетти

12:05, 07 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

«КСДП Атабаевсиз» кыймылы менен Апрель баатырлары маалымат жыйында чатакташа кетти.

Маалымат жыйын «КСДП Атабаевсиз» кыймылы тарабынан уюштурулган. Алар экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу боюнча өз ойлорун айтууга камынган. Ага Апрель революцияныны катышуучулары келип, тоскоолдук түзүүгө аракет кылышты.

Белгилей кетсек, «КСДП Атабаевсиз» кыймылын Сагынбек Абдырахманов жетектейт. Алар Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарында жана Бишкектин эки районунда жыйын өткөрүп, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын жаңы координаторлорун шайлашты. Кыймыл партиянын съездин топтоп, мурдакы президентти анын катарынан чыгарууну көздөйт.