11:35, 07 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Ош облусунда пахта тазалоочу ишкананын кампасында жыйналып турган үч тонна пахта күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя жумага караган түнү Тепе-Коргон айылында болгон.
Адистер өрттүн чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгонун айтууда.
Соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда жалпысынан 17 өрт кырсыгы катталды.