11:29, 07 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте дарыкананы тоногондор кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.
Маалыматка караганда, 23-ноябрь күнү үч киши дарыканага кирип, мылтык менен коркутуп, 22 миң сомду алып кетишкен.
Кылмышка шектүү 1997- жылы туулган И.А. жана 2002 жылы М.Б. кармалды.
Шектүүлөрдүн батирин тинтүүдө маң зат жана травматикалык мылтык табылды.
Кылмыштын үчүнчүсү катышуучусу изделүүдө.