Бүгүн Москва Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылат

09:29, 07 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Москва шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Айкел Москвадагы Чыңгыз Айтматов атындагы гүлбакта жайгашкан. Иш-чара жазуучунун 90 жылдыгына арналган.

Эстеликтин ачылышына ушу тапта Орусияда жүргөн президент Сооронбай Жээнбеков, Москванын мэри Сергей Собянин жана башка расмий өкүлдөр катышат.