Жогорку Кеңеш Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы кырдаалды талкууга алып жатат.
Жыйында депутат Рыскелди Момбеков аймакка ИИМдин атайын полку эмнеге баргандыгына кызыкты. Эл өкүлүнүн пикиринде, ИИМ бул кадамы менен элди коркутуу аракетин көргөн.
«Ал аймакка өзгөчө кырдаал киргизилбеген соң эмнеге атайын полк барат? Эмнеге түрктөрдүн фирмасына пост коюп бердиңер? Бул маселени бастырыш үчүн жөнөкөй аймактык милицияны жөнөтсөңөр болбойт беле?» — деди Момбеков.
«Кыргызалтын» мекемесинин башчысы инвестор министрден иштегенге шарт түзүп бергиле деп суранганын айтты.
ИИМдин маалыматында, милиция кол көтөрүү болгондуктан кошумча күч тартылган.
Эскерте кетсек, аталган айылдагы алтын иштеткен компаниянын аймагында милиция кызматкерлери менен жергиликтүү калк ортосунда мушташуу болгон. 3-декабрь мушташка катышкан 14 тургун камоого алынган. Айылдыктар митинге чыгып, кармалгандардын бошотулушун талап кылышкан. Ал эми алтын иштетүүчү ишкана убактылуу жабылды. Кармалгандар соттун чечими менен эки айга камоого алынды.