Нарында жер титиреди

14:18, 06 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жер титирөө 6-декабрь күнү саат 11:05те Ак-Талаа районунда болуп, 4,5 баллга жеткен.

Райондун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.