USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Пара менен кармалган министрдин орун басары италиялык компаниядан акча алган

14:07, 06 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Нарындын Эпкин — Баш-Кууган жолун оңдоого жарыяланган тендерди италиялык компания утуп алган. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, компания учурда ишке киришүү алдында турат.

Белгилей кетсек, бүгүн Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалгандыгы белгилүү болду. УКМК чет элдик ишкананын тендерди утуп алуусу үчүн Азимкан Жусубалиев жалпысынан 520 миң доллар талап кылганын айтты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18