14:07, 06 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда балдар диний экстремизми пайда болуу коркунучу бар. Бул тууралуу «Мутакалим» кыймылынын жетекчиси Жамал Фронтбек кызы тегерек үстөлдө билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары диний радикалдардын колуна түшөт.
«Араб өлкөлөрүнүн акчасынан балдарга жардам көрсөткөн кайрымдуулук уюмдары кооптуу. Андай уюмдардын саны бизде 50гө жетет», — дейт Жамал Фронтбек кызы.