Сооронбай Жээнбеков Москвада Чыңгыз Айтматовдун айкелин ачат

09:28, 06 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу маалымат кызматы билдирет.

Ал Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат.

7-декабрь күнү Сооронбай Жээнбеков Москвага барып, Чыңгыз Айтматовдун айкелин ачуу аземинде болот.