Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

17:17, 05 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн саат 16:11де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Өлөң жана Орто-Токой айылдарында 2 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.