Бишкектеги Түштүк магистралда велосипед үчүн жол курулду

16:49, 05 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Түштүк магистралда велосипед үчүн жол курулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, веложол менен жөө адамдар өтө турган жол магистралдын эки тарабына курулду. Садырбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин узундугу 7,2 чакырымды түзөт.

Аллеянын жээгине чырактар, 200 отургуч жана 2 аялдама орнотулду. Курулуш иштерине 55 миллион сом коротулду.