Бакуда Бажы кызматынын мурдакы төрагасы кармалды

15:20, 05 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Баку шаарындагы аэропортто бажы кызматынын мурдакы төрагасы Адамкул Жунусов кармалды. Бул тууралуу Report маалымат агенттиги билдирди. Маалыматты Кыргызстандын Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы ырастады.

Адамкул Жунусовго 28-августта издөө жарыяланган. Ал «кызматтык абалына кыянаттык кылуу» беренеси менен айыпталууда.

 Адамкул Жунусов жакынкы күндөрү Кыргызстанга алып келинет.