21:02
USD 69.83
EUR 79.45
RUB 1.05

Алмазбек Асанбаев Тышкы иштер министрлигине жумушка келди

Алмазбек Асанбаевтышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. 

ТИМдин маалыматында, ал чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар менен иш алып барат. 

Белгилей кетсек, президенттин буйругу менен Мекендештердин кеңешмеси түзүлгөн. Ал чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын мекенине жардамдарын жана колдоосун координациялоо максатын көздөйт. 

Алмазбек Асанбаев мурда миграция кызматында иштеген. Анын ишин чет өлкөдөгү мекендештер жакшы баалап, иштен алынган кезде Москвадагы диаспора өкүлдөрү Алмазбек Асанбаевди ордунда калтыруу өтүнүчү менен президентке кайрылышкан. 

Эң көп окулган жаңылыктар