11:15, 05 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Жаңы жыл жана май айындагы майрамдарды белгилөө үчүн кыргызстандыктарга кошумча дем алыш сунушталууда. Ага ылайык, 1-январдан 7-январга чейин жана 9-майдан 12сине чейин дем алыш болот. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, министрлик өкмөттүн азыркы «Дем алыш күндөрүн жылдыруу тууралуу» токтомун кайра карап чыкты.
Ага ылайык, 30-31-декабрь жана 1-2-январь майрам болгондуктан иш күнү болбойт. Министрлик 1-январдан 7сине чейин жана 9-майдан 12сине чейин эс алууну сунуштап жатат.
Токтом долбоору өкмөттүн расмий сайтында коомдук талкууга коюлду. Сунуш кабыл алынабы, азырынча белгисиз.