Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы жок болот

10:05, 05 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы жок болот. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

  • 09.00-18.00 — Дордой, Ак-Бата (17-20-көчөлөр), Көк-Жар (Ахунбаев, Босого, Ой-Терскен, Куйручук, Жеңижок, Тон көчөлөрү) конуштары;
  • 09.30-17.30 — Каралаев көчөсү — Ахунбаевден Сүйөркуловго чейин;
  • 09.00-17.00 — Москва, Осмонкул, Герцен көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Гоголь көчөсүндөгү № 7, 9, 11 үйлөр, Сүйүмбаев көчөсүндөгү № 11/2 үйлөр;
  • 09.00-12.00 — 12-кичирайондогу № 15, 16, 19, 20, 20/2, 20/3, 20/4 үйлөр, Сүйөркулов көчөсүндөгү № 10 Б үйү;
  • 09.30-18.00 — Ала-Тоо (Макмал, Ала-Тоо көчөлөрү) конушу;
  • 09.30-17.00 — Махатма Ганди, Москва, Тимирязев, Сагынбай манасчы, Леваневский, Абай көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09.30-18.00 — Көкчө-Тоо, Славгород, Кызыл-Алма көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09.00-17.00 — Мурас-Ордо конушу.