Ысык-Көлдө жердешин сабаган 3 жаранга бейбаштык айыбы тагылды

09:44, 05 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда ислам дининен башка динди тутунган баланы сабаган 3 жаранга бейбаштык айыбы тагылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИБдан билдиришти.

Бирок, жабырлануучунун жактоочусу 3 жаранга «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча айып тагылышы керек деп эсептейт. Алар жигитти катуу сабап коюшкан. Жабырлануучу азыркыга чейин ооруканада жатат.

Эске салсак, Тамчы айылында 3 тургун музыканы катуу коюп уккандыгы үчүн жердешин сабап коюшкан. Жабырлануучунун баш сөөгү сынып, көзү жабыркаган.