Бишкекте троллейбус менен жеңил унаанын катышуусунда кырсык катталды

09:08, 05 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Юнусалиев менен Жигулевская көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус менен жеңил унаанын катышуусунда кырсык катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине күбө билдирди. 

Маалыматка караганда, № 17 троллейбус менен жеңил унаа бетме бет сүзүшкөн. Бишкек мэриясынын болжолдуу маалыматы боюнча, жеңил унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болду. Троллейбустун айдоочусу ооруканага жеткирилип, жүргүнчүлөр жабыркаган эмес.