08:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга грант катары 10 миллион доллар бөлөт

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга грант катары 10 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов билдирди.

Алынган каражат гидрометорологиялык кызматтын ишин жана элдин азык-түлүгү менен тамактануусун жакшыртууга жумшалат. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн Баткен, Ош жана Нарын облустары тандалып алынган.

Абдыкалык Рустамовдун айтымында сугат инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл жергесинде суу жээктерин бекемдөө жана дамба куруу аркылуу селден жана суу ташкындарынан сактоо иштерин жүргүзүүгө багытталган добоор ишке ашканы турат. Бул долбоорлордун алкагында 90 миллион доллар Кыргызстанга бөлүнөрү айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар