21:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргыз-түрк мамилелери. 2 өлкөдө расмий түрдө иштегендерге пенсия төлөнөт

Кыргызстан менен Түркия өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын таанып, пенсия төлөй баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет КР өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

«Мисалы, кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала баштайт. Түркияда орточо пенсиянын өлчөмү 350 долларды түзөт. Иштеген адамдар Пенсиялык фондго эмгек акысынын 23 пайызын которуп турат. Пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн — 60 жаш, аялдар үчүн — 58 жаш», — деди Соцфонддун өкүлү.

Ушу тапта Түркияда 14,5 миӊ кыргыз жараны иштесе, Кыргызстанда 5,3 миӊ түрк жараны иштейт. Келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан Түркияга жылына 10 миллион сом которуп турууга тийиш.

Белгилей кетсек, Түштүк Корея менен да ушундай эле келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал өлкөдө 15 миӊ кыргыз жараны эмгектенет, ал эми Кыргызстанда 250 корей жараны иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума