Өзгөн районунда жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти

10:33, 04 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош жолунун 621-чакырымында Өзгөн районунун 1992-жылы туулган тургуну өзүнүн «Опель Вектра» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатканда 1958-жылы туулган тургун алдынан чыга калган. Жабырлануучу Өзгөн райондук ооруканасына жетпей каза болду.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.