Кыргызстандыктар Казакстанда өткөн карате боюнча мелдеште 3 алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кекушинкай карате Федерациясынын президенти Алмазбек Баатырбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш Шымкентте 270 спортчунун катышуусунда өттү.
«Кыргызстандын атынан 5 спортчу барган, алардын баары жакшы көрсөткүчкө ээ болду», -деди Алмазбек Баатырбеков.
Байэл Шерматов, Шамил Орозбек жана Нурмахамад Каниметов чемпион аталышты. Александр Шевченко күмүш, Данил Бородулин коло утуп алды.