Кыргызстандыктар Казакстанда өткөн карате боюнча мелдеште 3 алтын медаль тагынды

09:32, 04 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандыктар Казакстанда өткөн карате боюнча мелдеште 3 алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кекушинкай карате Федерациясынын президенти Алмазбек Баатырбеков билдирди. 

Фото

Маалыматка ылайык, мелдеш Шымкентте 270 спортчунун катышуусунда өттү.

«Кыргызстандын атынан 5 спортчу барган, алардын баары жакшы көрсөткүчкө ээ болду», -деди Алмазбек Баатырбеков.

Байэл Шерматов, Шамил Орозбек жана Нурмахамад Каниметов чемпион аталышты. Александр Шевченко күмүш, Данил Бородулин коло утуп алды.