Ош базардан өрт чыкты

09:09, 04 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Ош базардан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23:39да өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат жалпы 6 бөлүм, Штаб жана КБПтартылган. Ош базардын аймагында чыккан өрт саат 00:52 чектөөгө алынып, 03:31де толук өчүрүлгөн. 

Кесепетинен кийим-кече сатылуучу контейнерлер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.