Бишкектин тургуну мас абалында досунун аялын зордуктаган

09:05, 04 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин тургуну мас абалында досунун аялын зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Милицияга арыз менен 1980-жылы туулган жашоочу кайрылган.

"Окуя 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү болгон. Анда аял, күйөөсү жана анын досу менен борбордогу батирлердин биринен спирт ичимдигин ичишкен. Аял уктап калганда күйөөсүнүн досу зордуктап койгон.

Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.