20:54
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандык спортчулар бразилиялык джиу-джитсу боюнча мелдеште 3 медаль утушту

Кыргызстандык спортчулар бразилиялык джиу-джитсу боюнча International Berlin Open 2018 мелдешинде 3 медаль утуп алышты. Бул тууралуу спортчулар өздөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш 1-декабрда Берлинде өттү. Кыргызстандын атынан ат салышкан спортчулар 2 алтын жана 1 күмүш медаль утуп алышты.
 Сабыржан уулу Самарбек (64 килограмм) жана Кубанычбек Советов (70 килограмм) чемпион аталышты. Ал эми Болотбек уулу Санжар (76 килограмм) — күмүш медалдын ээси болду.
Эң көп окулган жаңылыктар