Терек-Сай айылынын тургундары кармалган жердештерин кое берүүнү талап кылышууда

15:04, 03 декабря 2018, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургундары кармалган жердештерин кое берүүнү талап кылышып митингге чыгышты. Бул тууралуу нааразы болгон тарап 24.kg агенттигине билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, айылдын эли кармалган 15 кишини кое бергиле деп талап кылышууда. Учурда алар Жалал-Абад ОИИБда кармалууда.

Буга чейин «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын аймагында жергиликтүү тургундар менен атайын даярдыктары жоокерлер ортосунда пикир келишпестиктер жаралган. Анда жоокерлер мал айдап бара жаткан тургунду сабап салышканы айтылат. Буга нааразы болгон жашоочулар окуя болгон жерге келген, анда 2 тартип сакчысы жаракат алганы маалым болду.

Фото

Бул окуянын алкагында 15 тургун кармалды.