15:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү жаңыртылат

Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын саркынды суулардан арылуу тутумун жакшыртууга Азия өнүктүрүү банкы 41,87 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулардан арылуу департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Маалыматка караганда, каражаттын 12,84 миллион доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртыларын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар