Баткенде жылкы издеп чыгып кетип дайынсыз болгон жаран изделүүдө

14:28, 03 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Жайлоого жылкы издеп чыгып кетип дайынсыз болгон жаранды издөөгө жалпы 40 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 29-ноябрда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Өзгөрүш айылынын тургуну 1966-жылы туулган К. М. үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кетип, дайынсыз жок болууда.

Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 2-декабрь күнү жалпы 25 куткаруучу тартылып, бирок табылган эмес.

Бүгүн, 3-декабрь күнү ишдөө иш-чараларын улантуу максатында саат 04:00дө КР ӨКМнен 22 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 18 адам, жалпы 40 адам 4 унаа 9 ат менен чыгып кетишкен.