12:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жемкорлук менен күрөштөн атайын эсепке 11 миллиондон ашык каражат түштү

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 11 миллион 215 миң 817 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 237 миллион 900 миң 938 сом болду.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби быйыл июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар