Жаңы жылдык балаты. Эң бийиги Ошто тургузулат

10:42, 03 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандагы жаңы жылдык балатылардын эң бийиги Ошто тургузулат. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, балатыны орнотуу жана кооздоо иштерине бул жылы 1 миллион 400 миң сом каражат жумшалат.

«Быйыл арча кураштыруу жолу менен орнотулуп, аны кийинки жылы да пайдаланууга болот. Бюджетти үнөмдөө максатында ушундай иштер жүрүп жатат», -деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, балатынын бийикти 27 метрге жетет. Ал эми Бишкек шаарындагы балатынын бийиктиги 25 метрди түздү.