Өзбекстанда 1-январдан тарта чет өлкөгө чыгуу визасы жоюлат
Учурда Өзбекстанда жарандарга биометрикалык ички паспорттор берилет. Буга чейин башка мамлекетке барчу кишилер «өлкөдөн чыгуу визасын» алып, паспорттун бир барагына атайын стикер жабыштырылчу.
Жарандар азыркы паспорт менен 2021-жылга чейин чыгуу визасы талап кылынбаган мамлекеттерге барса да болот.
Адам укуктарын коргоочулар Өзбекстанда совет доорунан бери келаткан бул эрежени сындап, элдин эркиндигин чектөө деп баалап келишет. Бул айрыкча, өкмөттү сындаган кишилердин башка мамлекеттерге ээн-эркин барып-келүүсүнө түйшүк жараткан.
Акыркылардан болуп Куба «өлкөдөн чыгуу визасын» 2013-жылы жойгон. Өзбекстан постсоветтик мамлекеттердин ичинен бул тажрыйбаны сактап калган жалгыз өлкө болгон.