Кыргызстандык Алина Камалова Литвада өткөн кикбоксинг боюнча ачык чемпионатта күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш 2-декабрда аяктады. Алина Камалова 70 килограмм салмактан жогорку ченде беттешке чыкты.
Чечүүчү беттеште Польшалык атаандаш менен чыктым. Бирок, жеңилүү ызасын тарттым", -деди спортчу.